• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстанда бир жумада 17 миңге жакын айдоочу жол эрежесин бузган

Укук тартиби 0

Бишкек, 23.05.22. /Кабар/. Кыргызстанда бир жумада 19 миң 605 айдоочу жол эрежесин бузган. Бул тууралуу КР ИИМдин ЖКККББ басма сөз кызматы билдирет

Маалыматка ылайык, анын ичинен:

- жогорку ылдамдыкта унаа башкаруу – 3 миң 119;

- тиешелүү документи жок 255 айдоочу рулга отурган;

- транспорт каражаттарын эксплуатациялоо эрежелерин бузгандыгы үчүн – 6 миң 871;

- автоээнбаштык – 5;

- жөө жүрүүчүлөрдүн жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн – 1 миң 360;

- жол белгилеринин, жолдун жүрүүчү бөлүгүндөгү чийиндердин талаптарын аткарбагандыгы үчүн – 6 миң 764;

- терезелери күңүрттөлгөн унааны башкаргандыгы үчүн – 19;

- мас абалында автоунаа башкаруу – 315.

Пикир

Оставить комментарий