• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстанда бир жумада 18 миңден ашык жол эрежесин бузуулар катталган

Укук тартиби 0

Бишкек, 26.11.18. /Кабар/. 16нан 22-ноябрга чейин ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери 18 миң 56 жол эрежесин бузууларды аныктаган. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 457 айдоочу жол чыракка баш ийген эмес, 236сы мас абалында унаа башкарган, 1 миң 673 айдоочу унааны жогорку ылдамдыкта айдаган жана 2 миң 929 айдоочу жол белгилеринин талаптарына баш ийген эмес.

Андан сырткары:

- 1 миң 462 айдоочунун унаасынын жарык берүүчү жабдыктары бузук болгон;

- 1 миң 581 айдоочу жол кыймылынын башка катышуучуларына тоскоолдук жараткан;

- 4 миң 571 айдоочуга коопсуздук курун тагынбагандыгы үчүн айып салынган;

- Алдыңкы, капталындагы терезелери караңгылатылган унаа башкарган 89 айдоочуга чара көрүлгөн;

-Телефон колдонуу эрежелерин бузган 3 миң 496 айдоочуга айып пул салынган;

Мындан тышкары, 963 унаа айып унаа токтотуучу жайына токтотулган.

Пикир

Оставить комментарий