• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда бир жумада 20 миңге жакын жол эрежесин бузуу фактысы катталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 05.06.23. /Кабар/. Кыргызстанда 29-майдан 4-июнга чейинки аралыкта 19 миң 848 жол эрежесин бузуу фактысы катталган. Бул тууралуу КР ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, алардын ичинен:

• тийиштүү документи жок унаа башкаруу — 169;
• мас абалындаавтоунаа башкаруу — 137;
• автоунаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу — 57;
• жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар — 468;
• транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу — 5 миң 705;
• автоээнбаштык — 26;
• белгиленген ылдамдыктан ашуу — 3 миң 212;
• жасалма мамлекеттик номер тагуу — 3;
• башка жол эрежелерин бузуу фактылары — 10 миң 71.

Андан тышкары, ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1 миң 369 автоунаа айып короосуна киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий