• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда бир жумада 23 миңден ашык жол эрежесин бузуу катталган

Укук тартиби 0

Бишкек, 11.06.18. /Кабар/. 2018-жылдын 1нен 7-июнь күндөрү Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери 22 836 жол кыймылынын эрежесин бузууларды аныкташкан.

Алардын ичинен:

-жол чыракка баш ийбөө – 726

- коопсуздук куру жок – 5577;

-мас абалында унаа башкаруу – 107

-алдыңкы, эки капталындагы айнектери караңгылатылган унааларды башкаруу – 81;

-жогорку ылдамдыкта унаа башкаруу боюнча - 2941;

Атайын айып унаа токтотуучу жайына 776 унаа токтотулган.

Салынган айыптын болжолдуу суммасы - 12 445 200 сом.

Пикир

Оставить комментарий