• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда бир жумада 267 мас айдоочу кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 15.08.22. /Кабар/. Кыргызстанда бир жумада 17 миң 391 жол эрежесин бузуу фактысы катталды. Бул тууралуу КР ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыктын (ЖКККББ) басма сөз кызматынан билдиришти.

Алсак:

- жогорку ылдамдыкта унаа башкаруу – 3 519;

- документи жок унаа башкаруу – 203;

- транспорт каражаттарын эксплуатациялоо эрежелерин бузгандыгы үчүн – 5 151;

- инспекторлордун автоунааны токтотуу боюнча талаптарын аткарбагандыгы үчүн – 15;

- автоээнбаштык – 8;

- жөө жүрүүчүлөрдүн жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн – 1010;

- жол белгилеринин талаптарын аткарбагандыгы үчүн – 5 256;

- айдоочунун маңдайкы терезеси жана (же) алдыңкы эшиктердин каптал терезелери күңүрттөлгөн унааны башкаргандыгы үчүн – 47;

- мас абалында унаа башкаргандыгы үчүн – 267. Унаа токтотуучу жайга 875 автоунаа токтотулган.

Пикир

Оставить комментарий