• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда бир жумада COVID-19дун 179 жаңы учуру катталды

COVID - 19 0

Бишкек, 29.08.22. /Кабар/. Кыргызстанда 22-28-август аралыгында COVID-19дун 179 жаңы учуру катталды.

Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөл департаментинен билдиргендей, жалпы катталган бейтаптардын 26сы ооруканага жаткырылып, 153ү амбулатордук дарыланышууда.

2022-жылдын 22-августунан 28-августуна чейин тобокелдиктерди баалоо матрицасына ылайык, бардык аймактар ​​жашыл зонада. Акыркы жумадагы эффективдүү репродуктивдүү сан 1ден аз, бул оорунун азайгандыгын көрсөтүп турат.

2022-жылдын 8 ай жана 28 күнүндө бардыгы болуп 20 миң COVID-19 учуру катталып, анын ичинен 18 миң 967си (90,5%) лабораториялык тастыкталса, 2001 (9,6%) клиникалык жана эпидемиологиялык тастыкталган.

Пикир

Оставить комментарий