• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстанда бир жумада коронавирустан 16 адам көз жумду

COVID - 19 0

Бишкек, 21.02.22. /Кабар/. Кыргызстанда 15-21-февраль аралыгында коронавирустан 16 адам көз жумду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматта алардын бардыгы эмдөөдөн өтпөгөндүгү айтылат.

COVID-19 лабораториялык негизде 12 жарандан, клиникалык-эпидемиологиялык түрдө төрт адамдан аныкталган. Адам өлүмүнө алып келген учурлардын басымдуу бөлүгү Бишкекте катталган. Ошондой эле Чүй жана Ысык-Көл облустарында коронавирустан каза болгондор бар.

Анын ичинде:
Бишкекте – 12;
Чүй облусунда – 2;
Ысык-Көл облусунда – 2.

Өткөн аптада, 8-14-февраль аралыгында COVID-19 илдетинин кесепетинен адам өлүмүнө алып келген 25 учур катталган.

Коронавирус пандемиясы башталгандан бери өлкөдө 2 миң 946 адам көз жумган.

Пикир

Оставить комментарий