• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Кыргызстанда бир жумада коронавирустан каза болгондор катталган жок

COVID - 19 0

Бишкек, 11.04.22. /Кабар/. Кыргызстанда 5-11-апрель аралыгында коронавирустан адам өлүмүнүн учурлары катталган жок. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Өткөн аптада, 28-марттан 4-апрелге чейин COVID-19 илдетинин кесепетинен адам өлүмүнө алып келген учур учур катталган.

Коронавирус пандемиясы башталгандан бери илдетти өлкөдө 200 миң 970 адам жугузуп, 2 миң 991 адам каза болгон.

“Туруктуу эпидемиологиялык кырдаалга карабастан Кыргызстан COVID-19ду жеңгенин айтууга эрте. Дүйнөдө пандемия бүтө элек, өлкөгө коронавирустун жаңы штаммдарын алып келүү коркунучу бар. Өзүңүздү жана жакындарыңызды коронавирус инфекциясынын оор кесепеттеринен сактап эмдөөдөн өтүңүздөр”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий