• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Кыргызстанда бир жумада коронавирустан жети адам көз жумду

COVID - 19 0

Бишкек, 14.03.22. /Кабар/. Кыргызстанда 8-14-март аралыгында коронавирустан жети адам көз жумду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Адам өлүмүнө алып келген учурлардын басымдуу бөлүгү Бишкекте катталган. Ошондой эле Чүй, Баткен жана Ысык-Көл облустарында коронавирустан каза болгондор бар.

Анын ичинде:

Бишкекте – 3;

Чүй облусунда – 2;

Баткен облусунда – 1;

Ысык-Көл облусунда – 1.

Өткөн аптада COVID-19 илдетинин кесепетинен адам өлүмүнө алып келген тогуз учур катталган.

Коронавирус пандемиясы башталгандан бери өлкөдө 2 миң 973 адам каза тапкан.

Пикир

Оставить комментарий