• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстанда бир жумада коронавирустун 36 жаңы учуру катталды

COVID - 19 0

Бишкек, 27.03.23. /Кабар/. Кыргызстанда 20-марттан 26-мартка чейинки аралыкта коронавирустун 36 учуру катталды. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти билдирет.

Маалыматка ылайык, 36 адамдын 13ү ооруканага жаткырылган.

"Акыркы жумадагы эффективдүү репродуктивдүү саны бирден аз, бул өлкөдө COVID-19 боюнча туруктуу эпидемиологиялык абалды көрсөтүп турат", - деп айтылат билдирүүдө.

2022-жылы жана 2023-жылдын 87 күнүндө жалпысынан COVID-19 коронавирустук инфекциясынын 22 миң 57 учуру катталды.

Пикир

Оставить комментарий