• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда бир жумада коронавирустун 48 учуру катталды

COVID - 19 0

Бишкек, 04.07.22. /Кабар/. Кыргызстанда 27-июндан 3-июлга чейин коронавирустун 48 учуру катталды.

Санэпидкөзөмөл департаментинен билдиришкендей, 48 адамдын ичинен үчөө ооруканада. Алардын абалы орто оор деп бааланууда.

Катталган учурлардын тогузу Россия, Түркия, Өзбекстан жана АКШдан келген адамдардан аныкталган.

Өткөн жумада коронавирустун 19 учуру катталган. Ал эми пандемия башталгандан бери Кыргызстанда жалпы 201 миң 101 адам ооруган.

Пикир

Оставить комментарий