• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Кыргызстанда бир жумада мас абалында унаа башкарган 281 айдоочу аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 03.10.22. /Кабар/. Кыргызстандын аймагында акыркы бир жуманын ичинде 16 миң 457 жол эрежесин бузуу фактысы катталды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыктын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, анын ичинен:

- ылдамдыкты ашырып айдоо– 3688;
- тиешелүү документи жок унаа башкаруу – 247;
- транспорт каражаттарын эксплуатациялоо эрежелерин бузгандыгы үчүн – 4931;
- ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен тиешелүү макулдашуусуз кайра жабдылган транспорт каражатын башкаруу – 76;
- автоээнбаштык – 14;
- жөө жүрүүчүлөрдүн жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн – 743;
- ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен тиешелүү макулдашуусу жок кайра жабдылган транспорт каражатын башкаргандыгы үчүн – 76;
- жол белгилеринин, жолдун жүрүүчү бөлүгүндөгү чийиндердин талаптарын аткарбагандыгы үчүн – 5614;
- автоунаанын терезелерин караңгылатып айдоо – 36 ;
- мас абалында рулга отуруу – 281.

Ар кандай эреже бузган 1 миң 84 унаа айып коргоо жайына токтотулган.

Пикир

Оставить комментарий