• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда бир жумада мас абалында унаа башкарган 336 айдоочу кармалды

Коом 0

Бишкек, 28.03.22. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы суткада мас абалында унаа айдаган 336 айдоочу кармалган. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Жалпысынан 18 миң 609 жол кыймылынын эрежесин бузуу фактысы катталган. Анын ичинен:

- айдоочулар тарабынан ылдамдык чегинен ашып кеткендиги үчүн – 2 миң 815;

- тиешелүү документтерсиз унаа каражаттарын башкаргандыгы үчүн - 232;

- жалган айдоочулук күбөлүк алып жүргөнү үчүн – 1;

- унаа каражатын эксплуатациянын эрежесин бузуу – 6 миң 714;

- ыйгарым укуктуу орган кызматкерлеринин талаптарын аткарбагандыгы үчүн – 14;

- унааээнбаштык – 2;

- жөө жүргүнчулөр менен жол кыймылынын эрежесин бузуу – 641;

- унаа каражатына түзүлүшүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү – 88;

- жол белгилеринин талаптарын аткарбаганы үчүн – 7 миң 200;

- унаанын айнектерин караңгылатуу – 34;

- унаа токтотуучу жайга коюлду – 909.

ЖКККББ бардык айдоочуларды жол кыймылынын эрежелерин сактоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий