• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда бир жуманын ичинде 12,6 миң жол эрежесин бузуу катталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 26.09.22. /Кабар/. Кыргызстандын аймагында бир жуманын ичинде 12 миң 648 жол эрежесин бузуу аныкталды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен:
- жогорку ылдамдыкта унаа башкаруу – 3189;
- автоунаанын тиешелүү документи жок – 193;
- транспорт каражаттарын эксплуатациялоо эрежелерин бузгандыгы үчүн – 4096;
- автоээнбаштык – 5;
- жөө жүрүүчүлөрдүн жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн – 421;
- ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен тиешелүү макулдашуусу жок кайра жабдылган транспорт каражатын башкаргандыгы үчүн – 80;
- жол белгилеринин, жолдун жүрүүчү бөлүгүндөгү чийиндердин талаптарын аткарбагандыгы үчүн – 3735;
- айдоочунун маңдайкы айнеги жана (же) алдыңкы эшиктердин каптал айнектери күңүрттөлгөн унааны башкаргандыгы үчүн – 40;
- мас абалындагы айдоочунун транспорт каражатын башкаргандыгы үчүн – 303.

Унаа токтотуучу жайга 842 автоунаа токтотулду.

Пикир

Оставить комментарий