• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда бир жуманын ичинде 16,5 миңден ашык жол эрежесин бузуу катталган

Коом 0

Бишкек, 18.12.17. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Акыркы жума ичинде патрулдук милиция кызматкерлери тарабынан жол эрежесин бузган 16 570 факты катталган.

ИИМ Жол коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгынан кабарлашкандай, катталган бардык факты боюнча административдик протокол түзүлгөн.

Маалыматта айтылгандай, эреже бузуулардын басымдуу бөлүгү 4147си – коопсуздук курун тагынбаган, андан соң жол эреже белгилерин сактабаган – 3212, унаа башкарып бара жатканда уюлдук телефон менен сүйлөшкөн – 3098 факты катталган.

Андан сырткары төмөнкү эреже бузуулар боюнча протокол түзүлгөн:

- Жолдо башка айдоочуларга тоскоолдук жараткандар – 1537;

- Жарык чырактары жок – 149;

- Светофордо кызыл күйүп турганда өтүп кеткен – 565;

- Жогорку ылдамдыкта айдоо – 482;

- Документи жок унаа башкаруу – 281;

- Мас абалында унаа башкаруу – 253;

- Терезелери караңгылатылган унаа каражаттарын башкаруу – 50;

- Унааны техникалык мүчүлүштүктөрдү менен башкаруу- 348;

- Унааны мамлекеттик номери жок башкаруу – 30;

- ИИБнин кызматкерлери тарабынан унааны токтотууга баш ийбөө – 25;

Башка эреже бузуулар – 1008. Жүргүзүлгөн иш-чаранын жыйынтыгында 655 унаа атайын айып унаа токтотуучу жайына токтотулган.

Пикир

Оставить комментарий