• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда бир жуманын ичинде 20 миңден ашуун жол эрежесин бузуу катталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 23.07.18. /Кабар/. Ички Иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкы башкармалыгы 13нөн 19-июлга чейин 20 миң 335 жол кыймылынын эрежелерин бузуу фактысын аныктаган. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 1575 айдоочу жол кыймылынын башка катышуучуларына тоскоол болушкан;

-1814 айдоочу унаасын иштебей калган жарык берүүчү жабдык менен айдап бара жатышкан;

-743 айдоочу жол чырактан туура эмес убакта өтүп кеткен;

-Коопсуздук курун тагынбай айдап бараткан 5023 айдоочуга айып пул салынган;

-197 айдоочу мас абалында унаа башкарып бара жаткан жеринен кармалган;

-Жол белгилеринин талаптарын аткарбагандыгы үчүн 3443 айдоочуга айып пул салынган;

-Терезелери караңгылатылган унаа каражаттарын башкарып бара жаткан 55 айдоочу кармалган;

-2728 айдоочу унаасын жогорку ылдамдыкта айдаган.

Андан сырткары 605 унаа каражаты атайын айып унаа токтотуучу жайына токтотулган.

Пикир

Оставить комментарий