• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстанда бир жылда алкоголдук ичимдик ичүүдөн 24 адам көз жумган

Ден соолук 0

Бишкек, 01.11.17. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Саламаттык сактоо министрлигинин акыркы маалыматтары боюнча Кыргызстанда наркологиялык каттоодо 33,5 миң адам турса, алардын 80%ы алкоголдук көз карандылыктагы адамдар. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйында айтылды.

Республикалык наркология борборунун өспүрүмдөрдүн медициналык-психологиялык жана калыбына келтирүү борборунун башчысы Жылдыз Бакированын айтымында, алкоголдон көз карандылардын 11%ы аялдар. Бирок ал бул сандар мамлекеттик медициналык мекемелердин гана маалыматтары боюнча экенин, чыныгы көрсөткүчтөр башка болушу мүмкүндүгүн айтты.

“2012-жылдан тарта алкоголдук ичимдиктерди ичкендердин жана каттоодо тургандардын саны азаюуда. 2017-жылдын 1-январына карата 33 миң 562 адам алкоголдук көз карандылык менен катталган. 18 жашка чейинки балдардан катталган эмес, бейтаптарыбыздын 75% 35 жаштан жогорку курактагылар”, - деди Бакирова.

Ал алкоголдук ичимдиктерди Бишкекте – 42%, Чүй облусунда – 21% колдонушарын жана калган бөлүгү алты облуска туура келерин белгиледи.

“Жыл ичинде республика боюнча стационарларда алкоголдук ичимдик ичүүгө байланыштуу 24 адам каза болгон. Бишкектеги республикалык наркология борборунда 16 адам көз жумду”,- деп кошумчалады Бакирова.

Пикир

Оставить комментарий