• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Кыргызстанда бир жылда чет элдиктер менен никеге тургандардын саны 1,5 миңден ашты

Коом 0

Бишкек, 25.01.19. /Кабар/. Кыргызстанда бир жылда чет элдик жарандар менен 1миң 762 нике катталган. Бул тууралуу өкмөттүн жыйынында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кабарлады.

Анын айтуусунда, жалпысынан 582 –РФнын жарандары, алардын ичинен көбү этникалык кыргыздар, Өзбекстандын жарандары – 489, Тажикистандыкы – 192 жаран жана Кытайдыкы – 18 адам.

“Эгер билимдүү чет элдик жаран биздин жарандар менен үй-бүлө куруп жатса, бул жаманбы? Алар дагы биздин өлкөнүн экономикасын көтөрөт. Бүгүнкү күндө биздин канча деген жарандарыбыз чет жакка акча табуу үчүн чыгып кетти? Алар ошол жактан үйлөнүп, ошол жерде жашап калышууда. Бул кадимкидей эле көрүнүш”, - дейт премьер-министр.

Пикир

Оставить комментарий