• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда биринчи жолу 1,2 миң мектепке 24 миңден ашуун компьютер берилет

Билим 0

Бишкек, 17.02.22. /Кабар/. Билим берүү жана илим министрлиги Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган “Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун алкагында Кыргызстандагы 1200 мектеп (жалпы мектептердин 56 пайызы) жана 8 педагогикалык колледжге компьютердик жабдыктарды жана техникалык каражаттарды берет. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ар бир мектепке берилүүчү компьютердик жабдыктардын жана техникалык каражаттардын топтомуна төмөндөгүлөр кирет: 20дан компьютер, 6дан проектор, 2ден тармактык коммутатор (хаб), 1ден көп функционалдуу жабдык (принтер+көчүрүү+сканер) жана UPS (үзгүлтүксүз электр энергиясын камсыз кылуу жабдыгы).

Жалпы республика боюнча 24 миң 168 даана компьютер, 7 миң 208 даана проектор, 2 миң 408 даана хаб, 1 миң 208 даана көп функционалдуу жабдык (принтер+көчүрүү+сканер) жана UPS берилет. Мындан сырткары, ар бир мектептеги компьютердик класстарга компьютер үчүн 15тен стол, 15тен стул жана системалык блок үчүн 15тен тумба берилет.

Мектептердин технологиялык муктаждыгын толуктоо аркылуу, окуучулардын заманбап, сапаттуу билим алуусуна шарт түзүлөт. Ошондуктан окутууну технологиялар аркылуу колдоо багыты аркылуу математика жана табигый так илимдер предметтерине басым жасоо менен (физика, химия, биология) 5-11-класстар үчүн электрондук форматтагы окуу материалдары даярдалат. Санариптик контент Кыргызстандын бардык мектептерине жеткиликтүү болот.

Учурда тендер жарыяланып, сатып алуу процессине байланыштуу тиешелүү жумуштар жүргүзүлүүдө. 1200 мектеп жана 8 педагогикалык колледжге техникалык жабдыктарды 2022-жылдын октябрь айында тапшыруу пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий