• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда биринчи жолу дзюдо боюнча рейтингдик Азия жана Океания чемпионаты өтөт

Спорт 0

Бишкек, 09.02.21. /Кабар/. Кыргызстанда биринчи жолу дзюдо боюнча рейтингдик Азия жана Океания чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча агенттигинен билдиришти.

Бүгүн, 9-февралда Бишкек шаарында дзюдо боюнча рейтингдик Азия жана Океания чемпионатына даярдык көрүү жана аны өткөрүүгө арналган маалымат жыйын өттү.

Иш-чарага Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Канат Шабданбаев жана Дзюдо федерациясынын президенти Жолдошбек Колбаев катышты.

Канат Шабданбаев чемпионат Бишкек шаарындагы "Газпром – балдарга" ден соолукту чыңдоо борборунда 6-апрелден 9-апрелге чейин өтөрүн айтты.

"Мелдеш Олимпиада оюндарына рейтингдик болуп эсептелет. Чемпионатка 30дан ашык Азия мамлекеттеринен 400-500 спортчунун катышуусу пландаштырылып жатат.Бүгүнкү күндө мелдештин өткөрүү жобосу бекип, ага ылайык чемпионатты ийгиликтүү өткөрүүгө баардык иш-чаралар аткарылып жатат", - деди ал.

Ошондой эле ведомствонун директору чемпионатты өткөрүү үчүн Спорт боюнча агенттиктин бюджетинен 12 млн сомго жакын каражат каралганын белгиледи.

Маалымат үчүн: Бүгүнкү күндө кыргызстандык спортчулар Олимпиада рейтингинде төмөнкүдөй жайгашышкан:

- Юрий Краковецкий +100кг - 2117 упай, 27-орун (18-орунда лицензия);
- Владимир Золоев 81кг - 1512 упай, 37-орун (континенталдык квота);
- Артур Те 66кг – 986 упай, 51-орун;
- Кубанычбек Айбек уулу 60кг, - 908 упай, 48-орун;
- Бекболот Токтогонов +100кг – 858 упай, 45-орун;
- Эрлан Шеров 90кг – 794 упай, 54-орун;
- Отар Бестаев 60кг – 467 упай, 72-орун.

Пикир

Оставить комментарий