• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда биринчи жолу эл аралык жаштар форуму өткөрүлөт

Коом 0

Бишкек, 15.09.17 /Венера Акматова - Кабар/. Кыргызстанда алгачкы жолу Эл аралык студенттер жана магистранттар форуму өтөт. Кыргызстан менен Россиянын билим берүү министрликтери уюштурган иш чара И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде өтөт. Бул тууралуу аталган окуу жайдын басма сөз катчысы Жеңишгүл Тоголокова билдирди.

Анын айтымында, мында илимий-техникалык конференция, Эл аралык студенттер, магистранттар жана жаш окумуштуулар форуму жана Кыргыз - Россия Техникалык Университтеринин Консорциумунун (РККТУ) катышуучу ЖОЖдорунун 5чи жыйыны камтылган. Ага Россия, Казакстан, Тажикстан жана Кыргызстандын өкүлдөрүнүн катышуусу күтүлүүдө.

Бул жолугушууда жаңы билим берүү кызматтарын иштеп чыгып, техникалык ЖОЖдордун арасында лидерликти алуу талкууланат.

Мындан тышкары КМШ мамлекеттеринин арасында чет элдик окуу документтерин жарактуу деп кабыл алуу маселеси каралмакчы. Форумдун координаторлору Россия тарабынан МЭИ университети жана Кыргызстандын И. Раззаков атындагы КМТУ болуп эсептелет.

Белгилей кетсек, РККТУ 2012 жылы Шанхай кызматташтык уюмунда Россиянын 11 жана Кыргызстандын 4 ЖОЖунун жетекчилери менен биргеликте түзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий