• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстанда биринчи жолу кыргызча сүйлөгөн куурчактар чыкты

Коом 0


Бишкек, 27-июнь /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Кыргызстанда «Aruu toys» деп аталган кыргыз тилинде сүйлөгөн куурчактар чыгарыла баштады. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине «Aruu toysтун» негиздөөчүсү Канат Жаныбеков билдирди.

Анын айтымында, Арууке жана Касым аттуу куурчактар кыргыз тилинде куралган сүйлөмдөрдү айтышат. Бул өз кезегинде балдардын мамлекеттик тилди үйрөнүүсүнө шарт түзөт.

“Учурда куурчактарды социалдык түйүндөрдө он-лайн түрүндө сатуу башталды. Кызыккандардын саны көп. Мындан улам бир аптада шаардагы дүкөндөргө чыгаралы деп пландап жатабыз”,- дейт Жаныбеков.

Ошондой эле, ал оюнчук чыгаруу идеясы менен бөлүштү. “Менин балдарымдын аты Арууке жана Касым алар “Керемет көч” мультфильмин абдан кызыгып көрүшөт. Бирок биз аларга окшош эч бир оюнчук таба албаганыбыздан өзүбүз жасап көрүүнү чечтик. Көп убакытка чейин идеяны ойлонуп, образын элестетип жүрдүк. Биздин оюнчуктарыбыз кичинекейлердин арасында кызыгууну жаратат деген ишеничтебиз”,-деди.

Мындан тышкары Жаныбеков оюнчуктардын тетиктери башка мамлекетте чыгарыларын анткен менен ал Бишкекте чогултулаарын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий