• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Кыргызстанда биринчи жолу орто кесиптик окуу жайларда ишкердикти үйрөтүшөт

Билим 0

Бишкек, 13.12.19./Кабар/. Билим берүү жана илим министрлиги биринчи жолу Ишкерликке окутуунун улуттук концепциясын иштеп чыкты.

Министрликтин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, концепция орто кесиптик окуу жайларында билим алган студенттерди ишкердикке окутуу, аларды жумушка орноштуруу жана бизнести өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу максатын көздөйт.

Билим берүү жана илим министрлигинде өткөн тегерек столдо (“Жаңы муун жаңы көндүмдөр менен!”) “Инклюзивдүү өнүгүү үчүн көндүмдөр: секторду өнүктүрүү программасынын” жардамында иштелип ишкерликке окутуу боюнча улуттук концепциясы тааныштырылып, талкууланды.

Иш чарага Билим берүү жана илим, Экономика, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрликтеринин, Соода-өнөр жай палатасынын, бизнес-сектордун, өкмөттүк эмес жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Концепциянын түзүүчүлөрүнүн айтымында, документтин биринчи долбоору эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен даярдалды. Ал колледждерде билим алган студенттердин ишкерлик жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган. Ишкерлик боюнча жаңы окутуу модулдары аларга өзүн-өзү иш менен камсыз кылууга, жумушка орношууга жана бизнести өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Талкуунун жүрүшүндө ишкерликке окутуу концепциясында эл аралык тажрыйбалар менен катар улуттук көз караштарды да эске алуу сунушталды. Ошондой эле өлкөдөгү билим берүү системасына ишкерликке окутууну киргизүү боюнча мамилени жана стратегияны издөө үчүн жалпы, баштапкы жана жогорку билим берүүнү улуттук концепцияга киргизүү зарылчылыгы боюнча маселе көтөрүлдү.

Улуттук концепция 2020-жылда орто кесиптик билим берүү системасына киргизүүгө даяр болот.

Пикир

Оставить комментарий