• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Кыргызстанда биринчи жолу партиянын кызыкчылыгын көздөбөгөн адамдардан турган Конституциялык кеңешме түзүлдү - Абыкеев

Коом 0

Бишкек, 07.12.20. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстанда биринчи жолу партиянын кызыкчылыгын көздөбөгөн адамдардан турган Конституциялык кеңешме түзүлдү. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйында Конституциялык кеңешменин мүчөсү Чолпонбек Абыкеев билдирди.

Анын айтымында, Конституциянын 1-беренесинин 3-бөлүгүндө "КР эли эгемендиктин, мамлекеттик бийликтин жалгыз ээси жана булагы" деп жазылган.

"Конституциялык өзгөртүүлөр биринчи жолу Акаевдин учурунда, андан кийин Бакиевдин убагында үч ирет, Атамбаев президент болуп турганда дагы, ал эми Текебаевдин Конституциясы партиялык топтордун кызыкчылыгы үчүн жазылган. Кыргызстанда биринчи жолу кайсы бир партиянын кызыкчылыгын көздөбөгөн элдин катмарынан чыккан окумуштуу, юристтер жана башкалардан турган Конституциялык кеңешме түзүлдү. Элдик бийлик менен мамлекеттик бийликти ажыратып кароо татаал маселе. Анткени эл бийликтин ээси жана булагы, эл шайлап же шайланып бийликти түзүп жатат", - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий