• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Кыргызстанда биринчи жолу триатлон боюнча Азия чемпионаты өтөт

Спорт 0

Бишкек, 16.09.21. /Кабар/. Кыргызстанда биринчи жолу триатлон боюнча Азия чемпионаты өтөрүн Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 17-19-сентябрь күндөрү Чолпон-Ата шаарында кесипкөй спортчулар жана U15 (13-15 жаштагы) өспүрүмдөр арасында триатлон боюнча Азия чемпионаты өтөт.

Чемпионатка жалпы 9 өлкөдөн: БАЭ, Япония, Иран, Казакстан, Өзбекстан, Палестина, Иордания, Бахрейн жана Кыргызстандан келген 57 кесипкөй спортчу катталды. 18-сентябрда чоңдор жана өспүрүмдөр арасы мелдештер өтөт: Кесипкөй спортчулар 750 метрди сүзүп, 20 чакырымды велосипед тээп, 5 чакырымды чуркашат; 13-15 жаштагылар 300 метрди сүзүп, 8 чакырымды велосипед тээп, 2 чакырымды чуркашат. 19-сентябрда сүйүүчүлөр арасында мелдештер өтөт:

Олимпик дистанция: 1,5 чакырымды сүзүп, 40 чакырымды велосипед тээп, 10 чакырымды чуркашат; Супер Спринт: 300 метрди сүзүп, 8 чакырымды велосипед тээп, 2 чакырымды чуркашат.

Сууда сүзүү боюнча мелдештер Ысык-Көл акваториясында, вело жарыш Чолпон-Ата – Бостери трассасында, ал эми чуркоо “Каприз” эс алуу борборунда өтөт.

Пикир

Оставить комментарий