• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстанда битир садаканын өлчөмү белгиленди

Коом 0

Бишкек, 18.04.20. /Кабар/. Кыргызстан мусулмандарынын аалымдар кеңеши жана Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы өлкө боюнча 2020-жылга карата битир садаканын өлчөмүн бекитти.

Битир садака киши башына 1,6 кг буудай (35 сом), 1,6 кг ун (60 сом), 1,6 кг мейиз (384 сом) же 3,2 кг арпа (54 сом), 3,2 кг курма (512 сом) берилет.

Эскертүү: Битир садака берүүчү адам жогоруда көрсөтүлгөн баалардын кайсынысынан чыгарса өз ыктыяры. Бей-бечара, муктаждардын пайдасы үчүн көбүрөөгүнөн чыгаруусу абзел.

Бааларды туруксуздугуна байланыштуу, битир садака берген учурда 1,6 кг буудай, ун, мейиз же 3,2 кг арпа, курма баасына көңүл буруу керек.

Пикир

Оставить комментарий