• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Кыргызстанда бизнес субъекттерин текшерүү 8 эсе азайды – Муканбетов

Экономика 0

Бишкек, 27.02.20. /Кабар/. Ишкер субъекттерин текшерүүгө киргизилген мораторийдин жыйынтыгында 2019-жылы бизнес субъекттерин текшерүү 8 эсе азайды. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында экономика министри Санжар Муканбетов билдирди.

Анын айтымында, 2018-жылы 28 миң 209 текшерүү жүргүзүлсө, былтыр 3 миң 435 текшерүү болгон.

Аны менен бирге ал Кыргызстанда киргизилген жаңы бизнес-акыйкатчы институту тууралуу айтып өттү.

"Жыл башынан тарта бизнес-акыйкатчы иштеп баштап, ал коррупциялык иштердин, ишкерлердин (мыйзамдуу) кызыкчылыктарынын жана башка мыйзам бузуулардын алдын алуу үчүн мамлекеттик орган жана жергиликтүү бийлик органдарынын ишин ачык-айкын кылуу багытында иш алып барат", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий