• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда бизнести тейлөө боюнча бирдиктүү борбор ачылат - Исаков

Экономика 0

Бишкек, 04.10.17. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. КР премьер-министри Сапар Исаков бүгүн Кыргызстанда ишмердигин жүргүзгөн коммерциялык банктар менен КРнын экспортерлорду жана импортту алмаштырууну колдоо боюнча долбоорун ишке ашыруу тууралуу жыйын өткөрдү.

“Экспорттоочу жана импортту алмаштыруучу ишканаларды каржылоо” долбоорун талкуулоодо Исаков жыйындын катышуучуларына аны ишке ашыруунун оорчулуктары тууралуу пикирлерин ортого салууну сунуштады.

Банктардын өкүлдөрү биринчи кезекте бул долбоор ийгиликтүү болорун белгилешип, жакын арада иш жүзүндө натыйжалуу жыйынтыктарын көрсөтөрүн айтышты. Бирок бул үчүн алардын пикиринде, жеңилдетилген насыялоо боюнча жакшы маалыматтык кампанияны иштеп чыгуу керектиги, ошондой эле акча каражаттарын алууга зарыл болгон тиешелүү документтерди топтоо жеңилдетүү керек.

Жыйындык катышуучуларынын пикирлерин угуп көрүп, Исаков экономика министринин орун басары Эльдар Абакировго эки жуманын ичинде экспорт багытында иштеген ишкерлерге насыя берүү боюнча белгилүү бир кадамдар жана шарттар камтылган видеоролик даярдоону тапшырды.

Ошондой эле, премьер-министр экинчи маселеге жооп катары, ал жакын арада чечилип, Өкмөт бизнести тейлөө боюнча бирдиктүү борбор ачууну пландап жатканын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий