• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда болжол менен 206 пансионат каттоодон өткөн

Коом 0

Бишкек, 02.08.18. / Кабар/. Кыргызстанда болжол менен 206 пансионат каттоодон өткөн. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында КРнын Мамлекеттик экотехинспекциясынын суу ресурстарын жана объектилерди көзөмөлдөө боюнча башкармалыгынын башчысы Сейдахмат Артыкбаев билдирди.

Анын айтымында, жалпысынан республика боюнча жеке секторду кошкондо 366 пансионат бар. Ал белгилегендей, инспекциянын кызматкерлери жергиликтүү калк арасында суудагы коопсуздук техникасы тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүп турушат.

“КРнын Мамэкотехинспекциясы тарабынан ушул жылдын жаз айларынан бери коопсуздук боюнча ар кандай иш-чаралар өткөрүлүүдө. Биз жергиликтүү калк менен жолугушуп,суудагы коопсуздук чаралары тууралуу айтып берип жатабыз. Биздин башкы милдетибиз калк арасында профилактика жүргүзүү”, - деди Артыкбаев.

Пикир

Оставить комментарий