• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда браконьерлер менен күрөшүү үчүн дрондор сатылып алынды

Коом 0

Бишкек, 14.01.19. /Кабар/. Кыргызстанда браконьерлер менен күрөшүү үчүн 8 дрон сатылып алынган. Бул тууралуу айлана чөйрөнү коргоо агенттигинин басма сөз кызматынан кабарлашкан.

Маалыматка ылайык, сатылып алынган квадрокоптер жана октокоптерлердин баасы 2 млн. 280 миң сомду түзгөн.

Октокоптерлер токойлордун биологиялык коопсуздугун сактайт. Аталган оптокоптер 10 кг жакын жүктү көтөрө ала турган 8 моторлуу аппарат. Канаттарын бир силккенде бир жарым метрди камтыйт. Чачыратуучу тутуму 10 литрге саналган.

Квадрокоптер болсо токойлордо бактарды кыюу, жапайы жаныбарларга мыйзамсыз мергенчилик кылуу жана башка нерселерди сүрөткө тартууда колдонулат. Камера видеолорду 4К форматында тартып, ошол замат телефонго же планшетке жиберет. Дрон абада 30 мүнөткө жакын үчүп жүрө алат.

Ошондой эле бул дрондордун жардамы менен токойлордун абалын, жеринен сүрөткө тартуу, өрт, жаман курт-кумурскалар менен күрөшүү жана жапайы жаныбарлардын эсебин чыгарса болот.

Пикир

Оставить комментарий