• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Кыргызстанда бут кийим чыгаруучу ишкана ачуу маселелери талкууланды

Экономика 0

Бишкек, 03.03.21. /Кабар/. Пакистандын Лахор шаарына болгон иш сапардын алкагында Кыргызстандын Пакистандагы элчиси Эрик Бейшембиев «Onsole» компаниясынын ири бут кийим фабрикасына барды. Бул тууралуу КРнын Тышкы саясий ведомствосунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Иш-чаранын алкагында Кыргызстандын ЕАЭБде мүчөлүгүн эске алуу менен Кыргызстанда бут кийим чыгаруучу ишкана ачуу маселелери талкууланды.

«Onsole» компаниясынын жетекчилиги Кыргызстандын инвестициялык климатын изилдөө үчүн, ошондой эле түздөн-түз ишкер байланыштарды түзүү максатында Кыргызстанга келүүгө даяр экендигин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий