• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда буудайдын дүң жыйымы 42,1%га кыскарды

Экономика 0

Бишкек, 13.11.21. /Кабар/. Кыргызстанда буудайдын дүң жыйымы өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 42,1%га кыскарды. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитети билдирет.

Маалыматка ылайык, 22-октябрга карата дан эгиндери (буурчак өсүмдүктөрүн, күрүч жана гречканы кошпогондо) 574 миң гектар аянттан жыйналып алынды, бул өткөн жылдын ушул күнүнө караганда 0,9% га көп. Ошону менен катар, чабылган аянттан 1,3 миллион тонна дан (баштапкы кириштелген салмакта буурчак өсүмдүктөрүн, күрүч жана гречканы кошпогондо) же 29% га аз чабылды.

Үстүбүздөгү жылдын жай айларындагы аномалдуу ысык температура жана сугат мезгилинде сугаруучу суунун жетишсиздиги кылкандуу дан эгиндердин түшүмдүүлүгүнүн кыскарышын шарттады. Мында, жалпы республика боюнча буудайдын өткөн жылдын ушул күнүнө караганда дүң жыйымы 42,1%га, арпанын - 46,1%га, май өсүмдүктөрү - 25,5%га, бакча өсүмдүктөрү - 13,3%га, мөмө-жемиш өсүмдүктөрү - 4,2%га, дан жүгөрү - 3,7%га, картошка - 2,7%га жана жашылчанын түшүмү - 0,9%га кыскарды.

Пикир

Оставить комментарий