• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда буурчакты кайра иштетүүчү ишкана ачуу мүмкүнчүлүгү талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 17.02.21. /Кабар/. Күн мурун, 16-февралда Кыргыз Республикасынын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Мерсин провинциясынан Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын депутаты Бехич Челик жана аталган провинциянын Соода-өнөр-жай палатасынын мүчөлөрү-ишкерлер менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү, тактап айтканда, инвестицияларды тартуу жана Кыргызстанда өнөр-жай ишканаларын түзүү маселелерин талкуулашты.

Элчи Өмүралиев Мерсиндин ишкерлерин өлкөнүн инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү жана бизнес жүргүзүүнүн артыкчылыктары жөнүндө маалымдады.

Кыргызстандын төө буурчагын Мерсиндеги товардык биржа аркылуу экспорттолуп жаткандыгын эске алып, тараптар Кыргызстанда буурчакты кайра иштетүүчү ишкана ачуу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий