• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда быйыл дыйкандарга 796,9 млн сомго техника лизингге берилди

Экономика 0

Бишкек, 13.09.21. /Кабар/. Кыргызстанда быйыл дыйкандарга 796,9 млн сомго лизингге техника берилди. Бул тууралуу Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, лизингдин өнүгүшүнө ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында, 2011-жылдан тартып министрликтин демилгеси менен КР министрлер кабинетинин колдоосунун негизинде «Айыл Банк» ачык акционердик коому аркылуу 6 лизинг долбоору түзүлүп, айыл чарба техникаларын лизингке берүү ишке аша баштаган.

2021-жылдын 9 айында 796,9 млн сомго 312 техника лизингге берилди, ал эми 2011-жылдан бери дыйкандарга жалпысынан 5 млрд 832,3 млн сомго 3593 даана техника берилген.

Пикир

Оставить комментарий