• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстанда быйыл окуу жылы дистанттык түрдө аяктай турган болду

Билим 0

Бишкек, 30.04.20. /Кабар/. Кыргызстанда быйыл мектеп жана жогорку окуу жайларда окуу жылы дистанттык түрдө аяктай турган болду . Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков билдирди.

Анын айтымында, министрлик карантиндин узартылгандыгына байланыштуу жана окуу жылдын аяктап калгандыгынан улам мындай кадамдарга барып жатат.

"Ал эми 9 жана 11-класстын бүтүрүү экзамендерин дистанттык түрдө өткөрүү боюнча түрдүү сценарийлерди түзүп жатабыз. ЖОЖ жана атайын окуу жайларында да окуу процесси дистанттык негизде улантылат. Жайкы мезгилдеги окуу да дистанттык түрдө өтөт. Бүтүрүүчү курстар боюнча ар бир университет өзүнүн техникалык мүмкүнчүлүктөрүнө жараша мамлекеттик экзамендерди өз убагында, онлайн түрүндө өткөрүүгө аракеттерди кылып жатат", - дейт ал.

Исаков мектеп окуучуларга бериле турган күбөлүк жана аттестаттарды өз убагында берүү боюнча иштер жүрүп жатканын айтат.

"Биздин алдыбызда 9-класстарга өз убагында күбөлүктөрдү берүү, 11-класстын бүтүрүүчүлөрүнө аттестаттарын берүү жана ЖОЖдун студенттерине өз убагында дипломду берүү боюнча атайын график түзүп, иштеп жатабыз", - деп белгиледи министр.

Пикир

Оставить комментарий