• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда быйыл сугат иштери эрте башталат

Коом 0

Бишкек, 20.01.22. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылы Кыргызстандын бардык облустарында сугат мезгили эрте башталат. Бул тууралуу брифингдин жүрүшүндө айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков билдирди.

Анын айтымында, учурда адистер сууну кайсы булактан, кайсы чарбалык жана чарбалар аралык каналдарга азыртадан берүүгө болорун карап жатышат.

“Эгерде жаан-чачын азыркыдай эле аз болсо, адегенде каналдардын түбүнө сууну сиңдирүүгө туура келет. Мындан тышкары, учурда талааларда дээрлик кар жок, ошондуктан нымдуулук керек болгон жерлерге бул иштерди жүргүзүшүбүз керек”, - деди Аскарбек Жаныбеков .

Министр белгилегендей, мындай милдет бардык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн алдына коюлган.

Пикир

Оставить комментарий