• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда быйыл жазгы талаа иштери эрте башталды

Коом 0

Бишкек, 09.02.21. /Кабар/. Кыргызстанда быйыл жазгы талаа иштери былтыркы жылга караганда эрте башталды, - деп билдирет Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, республиканын Ош жана Баткен облустарынын Араван, Лейлек райондорунда жер айдоо иштери өткөн жылдан эрте башталып, учурда дыйкандар 600 гектар жер айдашты.

Азыркы учурда Лейлек району боюнча 500 гектар жерге арпа айдалды.

Араван районунда 89 гектар аянтка картошка отурузулуп, былтыркы жылга салыштырмалуу 27 га көп болду.

Пикир

Оставить комментарий