• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда быйыл жети айда 700 миң тонна көмүр казылып алынган

Экономика 0

Бишкек, 17.08.20. /Кабар/. Кыргызстанда быйыл жети айда 700 миң тонна көмүр казылып алынды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Өнөр-жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Эмил Осмонбетов билдирди.

"Быйыл 7 айда өлкө боюнча 700 миң тонна көмүр казылып алынды. Ал былтыркы жылга караганда 3,1%га көп. Түндүк аймагы боюнча 239 миң тонна, түштүк аймагы боюнча 469 миң тонна көмүр казылып алынган", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий