• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда былтыр 510 миңден ашуун жол эрежесин бузуу аныкталган

Коом 0

Бишкек, 26.01.21. /Кабар/. 2020-жылдын 12 айында жалпы республика боюнча 510 миң 897 жол кыймылынын эрежесин жана коомдук тартипти бузуулар аныкталган. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Алар:

- жол белгилеринин, сызыктардын, кууп өтүү, токтоо жана токтотуу эрежелерин бузуу - 194 005;

- мас абалда автоунаа башкаруу - 8 679;

- техникалык кароодон өз учурунда өтпөө - 2176;

- айдоого укугу жок транспорттук каражат башкаруу - 3083;

- транспорттун тетиктерин уруксатсыз өзгөртүп алуу - 1588;

- тийиштүү документтери жанында жок транспорт каражаттарын башкаруу - 8654;

- ылдамдыкты ашыруу - 72045;

- жол эрежелеринин башка түрлөрүн бузуу - 220 667.

Ал эми убактылуу унаа токтотуучу жайга 39 331 унаа каражаты токтотулган.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы жарандарды жол эрежелерин сактоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий