• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда былтыр бак-дарактарды мыйзамсыз кыюу боюнча 137 факты катталган

Коом 0

Бишкек, 05.03.20. /Кабар/. Кыргызстанда 2019-жылы бак-дарактарды мыйзамсыз кыюу боюнча 137 факты катталган. Жалпы 2 миң 231 бак кыйылган. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Надырбек Козубаев билдирди.

"2019-жылы токой кызматкерлери тарабынан 209 жаратылыш мыйзамдарын бузуу фактылары катталып, андан келтирилген чыгым 6 млн 950 миң 100 смоду түзгөн. Анын ичинен 137 мыйзамсыз бак кыюу фактысы катталып, анда 2 миң 231 миң бак кыйылган. Чыгым 5 млн 303 миң 600 сомду түзгөн. Ал эми 96 иштен 1 млн 497 миң 230 сом өндүрүлгөн", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий