• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда былтыр төрөлүү 9%га төмөндөп, өлүм-житим көбөйгөн

Коом 0

Бишкек, 22.01.21. /Кабар/. 2020-жылы Кыргызстанда төрөлүү 2019-жылга салыштырмалуу 9%га төмөндөгөн. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Ведомстводон маалымдашкандай, 2020-жылдын 12 айында Кыргызстанда 158 миң 174 ымыркай жарык дүйнөгө келген.

2019–жылы республика боюнча 173 миң 601 наристенин туулгандыгы катталган. 2020-жылкы көрсөткүч 2019-жылга салыштырмалуу 15 миң 427 каттоого аз.

Ал эми 2020-жылы республикада - 40 001 өлүм фактысы катталса, 2019-жылы 33 миң 317 адам каза болгондугу катталган. 2020-жылы 2019-жылга караганда 6 миң 684 каттоого көп.

Маалымат үчүн: «Жарандык абалдын актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык, баланын туулгандыгы тууралу арыз бала төрөлгөн күндөн бир айдан кечиктирилбестен берилүүгө тийиш.

Туулгандыгын мамлекеттик каттоо төрөт болуп өткөн саламаттык сактоо уюму тарабынан белгиленген үлгүдө берилген баланын туулгандыгы тууралуу маалымкат, же болбосо медициналык мекемеден тышкары төрөлгөндө врач же медициналык башка кызматкер, саламаттыкты сактоонун ыйгарым укуктуу органы берген туулгандыгы тууралуу маалымкат, ошондой эле баланын ата-энесинин алардын инсандыгын ырастаган документтери, никелешүү тууралуу күбөлүгүнүн (никеси жок болгон учурда, энесинин инсандыгын ырастаган документтер) негизинде жүргүзүлөт.

Ата-энесинин (атасынын же энесинин) өздөрүнүн инсандыгын ырастаган документтери жок болгон учурда, баланын төрөлгөн фактысын мамлекеттик каттоо туулгандыгы тууралуу актынын жазуусунан көчүрмө берүү менен туулгандыгы тууралуу актыга жазуу жүргүзүү жолу аркылуу жүзөгө ашырылат. Бул көчүрмө, ата-энесинин (атасы же энеси) инсандыгын ырастаган документтерин көрсөткөн учурга чейин социалдык жана медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү алуу укугун камсыз кылуучу документ менен теңдештирилет.

Баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү ата-энесинин (атасы же энеси) алардын инсандыгын ырастаган документтерин көрсөткөндө берилет.

Пикир

Оставить комментарий