• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Кыргызстанда CASA-1000 долбоорун ишке ашыруунун алкагында 500 кВ электр берүү чубалгысы курулууда

Коом 0

Бишкек, 19.01.22. /Кабар/. Кыргызстанда CASA-1000 долбоорун ишке ашыруунун алкагында 500 кВ электр берүү чубалгысы (ЭБЧ) курулууда. Бул тууралуу «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын басма сөз кызматы билдирет.

Кыргызстанда аталган ЭБЧ үчүн «Датка» 500 кВ көмөк чордонунда атайын курула турган 500 кВ чөнөктөн 455 км ЭБЧ тартылып, Жалал-Абад, Ош жана Баткен облусунун Тажикстандын чек арасына чейинки аймактары аркылуу өтөт.

Бүгүнкү күндө төмөнкү курулуш иштери аткарылды:

792 (64%) тирөөчтүн курулуш аянтчаларына кирме жолдор курулду, 718 (58%) тирөөчтүн чуңкурлары казылды, 639 (52%) тирөөчтөр арматураланды жана бетондолду, 428 (35%) тирөөч орнотулду. Курула турган электр тирөөчтөрдүн жалпы саны 1241.

Азыркы учурда Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында активдүү иштер жүрүп жатат. Ишке 84 бирдиктеги атайын техникалар, машиналар, 44 бирдиктеги транспорттук каражаттар жана 230 жумушчу тартылып, анын дээрлик 70%ын жергиликтүү тургундар түзөт.

Аталган үч облуста инфраструктуралык объекттерди куруу үчүн адистерди мобилизациялоого 6 курулуш базасы курулду.

Маалымдама: CASA-1000 долбоору Борбордук Азия менен Түштүк Азиянын - Кыргызстан, Тажикстан, Афганистан жана Пакистандын энергетикалык тутумдарын байланыштырууга багытталып, эл аралык стандарттарга ылайык электр энергиясын сатуу боюнча механизмдерди иштеп чыгат. Долбоорду кыргыз аймагында 2023-жылдын октябрына чейин бүтүрүү күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий