• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстанда үч жылдан кийин насвайды өндүрүүгө, сатууга жана ташууга тыюу салынат

Коом 0

Бишкек, 01.12.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстанда үч жылдан кийин насвайды өндүрүүгө, сатууга жана ташууга тыюу салынат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Айылдык ден соолук комитеттеринин координатору Рахатбек Мамыткожоев билдирди.

Анын айтымында, насвайдын курамында никотин болгондуктан, ал дагы тамекидей зыян.

“Чегүүчү чылымдарга IQOS, вейп, кадимки тамеки, кальян кирсе, чайноочуга насвай кирет. Азыр чегүүчү чылымдардан башкасын, насвайды эсепке алганда, алып кирүүгө тыюу салынган. Насвайга үч жыл убакыт берди. Анткени Баткендеги өндүрүүчүлөр бул аралыкта насвайды башка айыл чарба продукциясына өзгөртүшү керек. Үч жылдан кийин, 36 айдан тарта насвайды өндүрүүгө, сатууга жана ташууга тыюу салынат”, - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий