• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда чек арадагы кырдаал жөнүндө маалымат берүү үчүн медиа-штаб түзүлдү

Коом 0

Бишкек, 01.05.21. /Кабар/. Бишкек шаарында кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча маалыматтарды координациялаган, КР президентинин аппараты тарабынан башкарылган, 24 саат бою иштеген медиа-штаб иштеп баштады.

Медиа-штабдын негизги максаты — ЖМКларды, коомчулукту жана дүйнөлүк коомчулукту такталган, бирдиктүү, ыкчам маалымат менен камсыздоо.

Керектүү маалыматтарды алуу үчүн күнү — түнү иш алып барган, мамлекеттик жооптуу органдардын өкүлдөрү тартылган медиа-штабга кайрылсаңар болот.

Медиа-штабдын базасында журналисттердин, эксперттердин жана блогерлердин иши үчүн шарттар түзүлдү.

Медиа штабта мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн жана эксперттердин катышуусундагы маалымат жыйындары өткөрүлүп турат.

Пикир

Оставить комментарий