• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстанда чек араларда ветеринардык станциялар уюштурулат

Коом 0

Бишкек, 19.04.21. /Кабар/. Кыргызстанда эгемендүүлүк алган жылдан тарта, быйыл биринчи ирет ветеринардык станцияларды уюштуруу аракеттери башталды. Бул тууралуу Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков министрликтин алдындагы Мамлекеттик ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук инспекциясынын директору Самир Осмоналиев менен бирге бул багытта иштеген ишкерлер менен кеңешме жыйын өткөрдү.

Жыйындын жүрүшүндө, өлкөдөгү эпизоотиялык абалды жакшыртууда мал ооруларын алдын алуу менен чек арадагы ветеринардык көзөмөл бекеттерине карантиндик станцияларды уюштуруу маселелери талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий