• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Кыргызстанда “Чекти талап кыл – байге утуп ал!” кызыктыруучу лотереясы старт алды

Коом 0

Бишкек, 11.05.22. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматынын "Чек талап кылып, байге утуп ал!" кызыктыруучу акциясы бүгүн, 10-майда старт алып, 31-декабрга чейин созулат. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйынында Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Исламбек Кыдыргычев билдирди.

Анын айтымында, лотерея үч этапта: 1-июлда, 1-октябрда жана 31-декабрда ойнотулат.

“Ага Кыргызстандын 18 жаштан жогору курактагы бардык жарандары катыша алат. Байге фонду демөөрчү жана өнөктөштөрдүн жардамы менен түзүлдү”, - дейт ал.

Кыдыргычев белгилегендей, лотереяга катышуу үчүн төмөнкү кадамдарды аткаруу жетиштүү:

- "Салык чек" атайын мобилдик тиркемесин жүктөп алып, каттоодон өтүү;

- ар бир товар сатып алууда же кызмат көрсөтүүлөрдү пайдаланууда ККМдин гана кассалык чегин талап кылуу;

- алынган кассалык чектин QR коддун мобилдик тиркемеден сканерден өткөрүү.

- система сканерден өткөн кассалык чектин топтолгон суммасын утушка катышуу үчүн уникалдуу номерлерге автоматтык түрдө алмаштырат. 1000 сомго 1 уникалдуу ID номер ыйгарылат.

1-июлда төмөнкү байгелер ойнотулат:

- 2 автоунаа;

- 10 iPhone 13 телефону;

- 10 Samsung телефону;

- 2 муздаткыч;

- 2 микроволновка;

- 2 кир жуучу машина;

- 2 чаң соргуч;

- Ысык-Көлгө эс алууга 5 жолдомо.

Пикир

Оставить комментарий