• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда чет элдиктердин иштегенине уруксат алуунун төлөмү жогорулады – Миграция кызматы

Коом 0

Бишкек, 23.04.19. /Кабар/. Кыргызстанда чет элдик жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын иштөөсүнө уруксат берүүнүн жаңы тартиби белгиленди. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйынында Кыргызстандын Мамлекеттик миграция кызматынын чет элдиктер менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Бакыт Кудайбердиев билдирди.

Анын айтымында, "КРнын аймагында чет элдик жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын эмгек ишмердигин жүргүзүү тартиби жөнүндө" жаңы жобосу ушул жылдын 1-майында күчүнө кирет.

"КРнын аймагында жумушка орношууга уруксат алуунун баалары 2016-жылдан бери кайра каралган эмес. Ошондой эле, бул жаңы жобо эмгек рыногунда Кыргызстандын жарандарына артыкчылыктын жаралышына мүмкүндүк берет. Жаңы жобого жаңы "жогорку квалификациялуу кызматкер" графасы киргизилген. Кошуна өлкөлөрдө экономиканын ар кайсыл тармагын өнүктүрүү үчүн жогорку квалификациялуу адистер тартылат. Биз да алардан артка калбайлы деп, жогорку квалификациялуу кызматкерлер келиши үчүн ушундай графаны киргиздик", - дейт Кудайбердиев.

Ал белгилегендей, эгер компания белгиленген чектен тышкары чет элдик адистерди жумушка алса, ар бир ашыкча кызматкер үчүн жылына 20 миң сом төлөм төлөөгө тийиш болот.

"Андан тышкары, "Дордой", "Жунхай", "Кара-Суу" базарларында жеке ишкерлер жумушка уруксат алуу үчүн жылына 50 миң сом төлөшөт. Мурда ал 20 миң сом болчу", - деди ал.

Ал кошумчалагандай, анын аркасы менен казынага 130 млн. сомдон ашык каражат келип түшөт.

Миграция кызматынын Маалыматтык-кеңеш борборунун директору Бактияр Төлөновдун айтымында, жаңы жобого ылайык чет элдик жаран КРнын аймагында үлүштүк катышы бар фирма ачууну көздөсө, ал 15% үлүшкө ээ болууга акысы бар. Мурда ал үлүш 25%ды түзүп келген.

"Айрым чет элдиктер таза иштебей, КРнын мыйзамын бузуп, өлкөдөн чыгып кетиши ыктымал. Андагы жоопкерчилик 85%га ээ кыргызстандык жарандардын моюнуна жүктөлөт", - деди ал.

Жаңы Жобонун негизги нормалары:

Чет өлкөлүк жумушкерлердин санын бир чарба субъектисинде жалпы жумушкерлердин санынан 20%дан ашпагандай көлөмдө чектөө, ошону менен катар, чет өлкөлүк кызматкерлерди төмөнкүдөй категорияларга бөлүү нормаларын белгилөө:

- жогорку квалификациялуу чет өлкөлүк адистер - эмгек миграциясына берилүүчү квотадан тышкары иш берүүчүнүн арызы боюнча 3 жылга чейинки мөөнөткө иштегенге уруксат алгандар;

- чет өлкөлүк адистер - эмгек миграциясына берилүүчү квотанын чегинде иш берүүчүнүн арызы боюнча 1 жылга чейинки мөөнөткө иштегенге уруксат алгандар, ошону менен бирге, алардын бир чарбалык субъектидеги саны жумушкерлердин жалпы санынын 20 пайызынан ашпоого тийиш. Чет өлкөлүк адистер бир чарбалык субъектиге кызматкерлердин жалпы санынын 20 пайызынан ашык тартылган учурда, ар бир тартылган жумушкер үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген эседе мамлекеттик алым төлөнөт.

- чет өлкөлүк жеке ишкерлер – Кыргыз Республикасынын салык кызматынын органы тарабынан берилген патенттин негизинде, жазган арызына ылайык эмгек миграциясына берилген квотанын чегинде 1 жылга чейинки мөөнөткө иштегенге уруксат алгандар.

Ошондой эле, "Мамлекеттик алымдын ставкаларын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-апрелиндеги № 159 токтому менен иштегенге уруксат берүү үчүн төмөнкүдөй мамлекеттик алымдын ставкалары бекитилди:

- бир чарбалык субъекттеги чет өлкөлүк кызматкерлер үчүн белгиленген лимиттин чегинде чет мамлекеттик адистин иштөөсүнө - эсептик көрсөткүчтүн 100 эселенген өлчөмү;

- бир чарбалык субъекттеги чет өлкөлүк кызматкерлер үчүн белгиленген лимиттен ашкан чет мамлекеттик адистин иштөөсүнө - эсептик көрсөткүчтүн 200 эселенген өлчөмү;

- жогорку квалификациялуу чет мамлекеттик адистердин иштөөсүнө - эсептик көрсөткүчтүн 100 эселенген өлчөмү;

- чет мамлекеттик жеке ишкерлердин иштөөсүнө - эсептик көрсөткүчтүн 500 эселенген өлчөмү;

- Кыргыз Республикасынын жарандарын республиканын чегинен тышкары жерлерде жумушка орноштуруу менен байланышкан иштөө укугуна - эсептик көрсөткүчтүн 40 эселенген өлчөмү.

Пикир

Оставить комментарий