• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда чет өлкөдөн алып келинген асыл тукум мал лизингге берилүүдө

Коом 0

Бишкек, 02.12.22. /Кабар/. Кыргызстанда чет өлкөлөрдөн алынып келинген асыл тукум жылкы жана уйлар лизингге берилүүдө. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Жайыт жана асыл тукум мал чарба департаментинин директорунун орун басары Максатбек Мамытбеков билдирди.

Анын айтымында, министрлер кабинети, “РСК Банк”, “Айыл Банк” жана башка кызыктар тараптар менен Кыргызстандын мал чарбасындагы асылдуулукту өнүктүрүү жаатында тегерек стол, жумушчу жолугушуулар өткөрүлгөн. Анын алкагында банкттар менен асыл тукум малды лизингге берүү механизми иштелип чыгып, чет жактан асыл тукум мал алып келүүгө келишимдер түзүлгөн.

“Ошентип, 2022-жылдын 9 айында республикага Польшадан 196 баш жана Өзбекстандан 9 баш (таза кандуу мингич) асыл тукум жылкы жана Чехиядан 277 (симментал) уйлар алып келинген. Учурда алар лизинг аркылуу фермерлерге берилүүдө”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий