• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда Чыңгыз Айтматов жөнүндө тасма тартышат

Маданият 0

Бишкек, 19.01.18. /Кабар/. Кыргызстандын киноматографисттери жазуучу Чыңгыз Айтматов тууралуу даректүү-оюн тасма тартышат. Ал “Айтматов дүйнөсү. Айтматовсуз дүйнө ” деп аталат.

Тасманын сценарийин адабиятчы Абибилла Пазылов композитор, публицист Түгөлбай Казаков жана эл артисти Бакыт Карагулов менен биргеликте жазган. Маалыматка ылайык, акыркы варианты картинаны койо турган режиссер-коюучу тарабынан бекитилген.

Долбоорду жазуучунун баласы коомдук ишмер Аскар Айтматов жетектеп турат.

Авторлору жана координаторлору ошондой эле долбоорго атамекендик жана чет элдик меценаттарды тартууну пландап жатышат.

Эске сала кетсек, 2018-жылы Кыргызстан жазуучунун 90-жылдык мааракесин белгилейт. Андан тышкары, Эл аралык ТҮРКСОЙ уюму 2018-жылды Айтматов жылы деп жарыялады.

Пикир

Оставить комментарий