• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстанда чыгармалары аркылуу жаш балдарда патриоттук сезимдерин ойготкон акындар жетишсиз - Мамазаирова

Коом 0

Бишкек, 29.04.19. /Кабар/. Кыргызстанда чыгармалары аркылуу жаш балдарда патриоттук сезимдерин ойготкон акындар жетишсиз. Бул тууралуу “Улуттук нарк – элдик педагогиканын казынасы” аттуу тегерек столдо драматург, акын, жазуучу Менди Мамазаирова билдирди.

Анын айтуусу боюнча, баштапкы мектептин орус тили боюнча китептеринде көп кызыктуу ырлар жана аңгемелер жазылган. Алар ошол ырлар аркылуу балдарга ата-энеге, мекенге, досуна, айлана чөйрөгө кандай мамиле жасоо керек, жакшы окуу, жада калса досу менен урушуп кетсе кантип жарашуу керек экендигин үйрөнүшөт. Ошол ырларды, аңгемелерди жазган акындар өздөрүнүн чыгармалары аркылуу келечекте патриот балдарды тарбиялап келет.

“Биздин китептерде андай нерселер жок. Балдарга окуп бергенге кыргыз тилиндеги китептер да аз. Орус акындарын карап, бизде андай авторлор жетишсиз экенин көрөсүң. Балдарды патриот кылып тарбиялоо бул абдан чоң жоопкерчиликтүү иш жана аны кичине кезинен эле баштоо керек. Ошол убакытты өткөрүп жибербөө маанилүү”, - деди Мамазаирова.

Ошондой эле ал Кыргызстанда кийинки окуу жылына карата ошондой ырларды жаза турган авторлор арасында сынак жарыялоо сунушун айтты.

Пикир

Оставить комментарий